Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 60 жылдыгы салтанаттуу белгиленет
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 60 жылдыгы 7-декабрь күнү саат 15:00дө улуттук филармонияда салтанаттуу белгиленет. Азыр каналдын жамааты “мааракени жакшы өткөрүп алалы”, - деп, кары-жаш, улуу-кичүү дебей, жапа тырмак даярдык көрүүдө. 

“60 жылдык мааракенин урматына КТРКнын имаратынын алдында Кыргызстандагы эң мыкты, 8 канаттуу хан боз үй тигилип жатат. Бул өргө таза күмүш менен жасалгаланып, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында биринчи орунга ээ болгон. Хан боз үйдө Коомдук каналдын кадырлуу коноктору сыйланат”.