Табыптын колуна түшкөн тагдырлар кандай болот?
Новость KTRK/videograp

Бишкекте эч кандай медициналык документи же билими жок табыптын колунан жакшы боло албай, ооруканага оор абалда түшкөн 5 жаштагы кыз дагы эле жакшы боло элек. Ак кан илдетине чалдыккан секелекти буга чейин чуулгандуу табып Хашим Зайналиев 100 пайыз сакаят деген убада менен өз ыкмасына салып дарылап, кичинекей кыздын оорусу өтүшүп кеткенде аргасы кеткен ата-энеси онкология борборуна кайрылган.

Бишкектин Көк-Жар кичи району, жеке турак жай. Дал ушул үйдү Ашым Зайналиев ооруканага айландырып алган. Бул адам дарттын оор түрүнө чалдыккандарды кабыл алат. Анын уруксаат документи жана эч кандай медициналык билими жок. Ал өз расмий түрдө камерага сүйлөп берүүдөн баш тартып, уюлдук телефонго үнүн түшүрүүгө мүмкүн болду.
Өткөн айдын соңунда онкология борборуна дарты өтүшүп кеткен секелек кыз түшкөн. Ага чейин ата-энеси дарыгерлердин кеңешине кулак салбай табыпка кайрылып, кызын жарым айдан ашык убакыт дарылаткан. Бирок кандай жол аркылуу белгисиз.

Чуулгандуу окуяда табыптын аты биринчи жолу чыгып жаткан жери жок. 2016- жылы Ашым Зайналиев аялдын көкүрөк безин кесип салып, натыйжада ал аял өлүп калган. Маркумдун кызы дарылоо жүргүзгөн адамды айыптап чыккандан кийин милиция кылмыш ишин козгоп, жетиштүү далил жок болгондуктан ал иш кыскартылган. Эми секелек кыздын ишин кайрадан милиция колго алды. Расмий медицина дагы анын ишине каршы чыгып жатат.

Секелек кыздын кийинки тагдыры кандай болот, табыпты мамлекет ооздуктай алабы белгисиз. Ал ортодо Саламаттык сактоо министрлиги чуулгандуу табып Ашым Зайналиевди жоопкерчиликке тартууну өтүнүп күч түзүмдөрүнө кайрылды.