Тасмада Кара-Балта шаарындагы темир жол станциясындагы ишке болгон кайдыгерлик мамиле көрсөтүлгөн. Видеонун авторунун берген маалыматы боюнча 10-декабрдан тартып, аталган темир жол станциясынын бекетиндеги жүргүнчүлөр үчүн ырааттама (расписание) эки күндөн бээри алмаштырылган эмес. Анын кесепетинен жүргүнчүлөр поездден калып калышып, башаламандыктар жаралган.
"Бул Кара-Балта темир жол бекетинин кызматкерлеринин шалаакылыгы".-деп айтылат видеодо.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.