Быйыл 11-класстын окуучулары мамлекеттик экзаменди 3үчүнөн 20-июнга чейин тапшырат. Бул чечимди Билим берүү жана илим министрлиги чыгарды. Бекитилген план боюнча, бүтүрүүчүлөр жылдагыдай эле беш сабактан экзамен берет.
Ал эми 9-класстын окуучулары мамлекеттик сынакты 3үчүнөн 18-июнга чейин тапшырат. Алар дагы беш экзаменди 5 предметтен берет.
Билим берүү министрлиги ага чейин мектеп директорлору менен алардын орун басарларына мамлекеттик экзаменди алуу боюнча ыкмаларды үйрөткөн окууларды уюштурмай болду.