Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ынтымак айылында жер көчкүдөн турак-үйлөрү жабыркаган бир нече айылдын тургундары барып отурукташкан. Ал айылга жаңы мектептин курулушу башталып, ал тургай 2018-жылы окуу жылында колдонууга берилет деген дагы убада болгон.
Бирок курулуш иши создугуп, ушул убакка чейин ачылган чачылган бойдон турат. Ал эми, мектеп окуучулары 9 чакырым алыстыктагы Куршаб айылына барып келип билим алып жатышат. Мындай нерсеге, убада убагында аткарылбаганына ата-энелер нааразы болууда.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.