Ош шаарынын кире беришиндеги ДЭУ менен Ак-Тилек участогунун ортосундагы 2 чакырымга созулган аралыкта жол кырсыгы көп катталат. Анткени бул жерде орнотулган түнкү жарыктандыргычтар иштебейт. Жол караңгы. Анын айынан жыл ичинде эле адам өмүрүн алган бир нече кандуу кырсыктар болгон. Бирок ушундай кейиштүү окуялар дагы тийиштүү тараптарга таасир этпей койду. Ушул аралыктагы жарынтандыргычтарды иштетип беришсе, айдоочулардын түнкүсүн жол жүрүүсүнө дагы жеңилирээк болот эле, деген пикирин калтырат окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.