Түркмөнстандын батышындагы ири шаарлары жана калктуу конуштары суу алдында калды
Новость www

Акыркы жумада тынымсыз нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Түркмөнстандын батышындагы ири шаарлар жана түштүк-чыгышындагы калктуу конуштар суу алдында калган.


14-апрелде жаан Түркмөнбашы жана Балканабат шаарларынын көчөлөрүн каптап калган. Ал эми, 13-апрелде Мары облусунун жашоочулары Түркмөнстандын түштүк-батышындагы суу ташкындар тууралуу билдиришкен.

Буга чейин суу ташкынынан Мары облусунун Тагтабазар району жабыркап, ондогон үйлөр урап калган. 13-апрелде узакка созулган нөшөрдөн улам Ашхабадда сел жүргөн.