Аймактардын өнүгүүсүндө ЖЖМКнын орду
Новость KTRK/videograp

Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын аймактардын өнүгүүсүндөгү орду Бишкектеги жыйында талкууланды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эки форматтагы жамааттык медиа иштейт. Радио жана мультимедиалык борборлор. 2007-жылдан бери 4 жамааттык радио жана 21 мультимедиалдык борборлор ачылган. 

Аларга техникалык жактан Германиянын Дойче велле академиясы колдоо көрсөтүп келет. Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттары айылдагы жигердүү тургундардын демилгеси жана ыктыярчылардын колдоосунда иштеп келишет. Алар өз айылындагы жаңылыктарды эл менен бөлүшүп, социалдык көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, талкуулап, жергиликтүү бийлик органдарынын көңүлүн бурууга аракет кылышат. Жамааттык ЖМКнын бирлиги жана КТРКнын жетекчилигинин ортосундагы меморандумга ылайык, 2017-жылдан бери "Биринчи радио" аркылуу жумасына жарым сааттык берүү уктурулуп келет.