Жаш балдарга карата зомбулуктун саны 28 пайызга көбөйдү
Новость www

POST1RIGHT

Кыргызстанда жаш балдарга карата зомбулуктун саны бир жылда 28 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 

Анын айтымында, мындай көрүнүштөрдүн басымдуу бөлүгү балдарга карата жыныстык зомбулук аракеттери болуп саналат. Буга чейин жашы жете элек өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштар боюнча 138 иш, ал эми жаш балдардын өлүмүнө байланыштуу 14 кылмыш иши козголгон.