Аймактарды өнүктүрүүдө ЖМКНын орду чоң
Новость www

POST1RIGHT

Өз айылынын көйгөйлөрүнө бийликтин көңүлүн буруп, ийгиликтери менен жергиликтүү элге бөлүшкөн жаматтык медиа Кыргызстанда он жыл мурда ишин баштаган.

Бүгүнкү күндө Германиянын "Дойче велле" академиясынын техникалык колдоосунда өлкөнүн бардык облустарында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет. Азыр болсо алар өз кызматын мамлекеттик органдарга сунуштоодо. 

Кыргызстанда жамааттык медиа жаңыдан өнүгүп келе жатса, Германияда жакшы жолго коюлган. Бирок эки өлкөнү салыштырганда Кыргызстанда элдик маалыматтарды жасоого жаштар эле эмес, жөнөкөй дыйкан, мугалим же пенсионерлер да кызыгып, катышууда. Жамааттык ЖМКнын бирлиги жана КТРКнын жетекчилигинин ортосундагы меморандумга ылайык, 2017-жылдан бери "Биринчи радио" аркылуу жумасына жарым сааттык берүү уктурулуп келет.