ӨКМК: шашылыш билдирүү
Новость www

Аба ырайы бузулуп, тоолордо кар көчкү түшөт. 

POST1RIGHT

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Анда айтылгандай, 18-19-апрелде тоолуу райондордо, Бишкек - Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Каракол - Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү ыктымал. 

ӨКМ, айдоочулардан 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет. 

Ал эми 19-20-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан катуу жаайт.