Мамкаттоонун 3 жетекчиси 2 айга камалды
Новость www

POST1RIGHT

Тендер чырына байланыштуу кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчысы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев 2 айга тергөө абагына киргизилди. 

Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-апрелдин кечинде ушундай чечим чыгарды. 

Аталган 3 жетекчи биометрикалык паспорт бланкын даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзамсыз иштерге барышкан деген шек менен кармалганы 16-апрелде маалым болгон.