Элдик репортер: Жолу кооптуу Кызыл-Ой айылы
Новость KTRK/videograp

Суусамыр-Кызыл-Ой жолу көп жылдан бери каралбай калган. Кышкысын кар көчкү кооптулугу болсо, жазында жардан майда таштар куюлуп түшөт. Ушул бир унаа араң баткан жол аркылуу Кызыл-Ой айылынын тургундары каттап, тиричилигин улантышат. Башка айла жок. 

Жаныбызды оозубузга тиштеп, каттаган жолубузга өкмөт бир көңүл буруп койсо. Аймактарды өнүктүрүү жылы алыскы айылдардан башталса жакшы болмок.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.