Элдик репортер: Баткенде оңдолгон жолдор бир жылга жеткен жок
Новость KTRK/videograp

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Жол айылындагы жол былтыр толугу менен оңдоодон өткөн. Бул жол  Төрт-Күл суу сактагычына алып барат. Жаңы асфальт төшөлгөн жол менен каттап, түйшүгү жеңилдеген элет элинин кубанычы көпкө созулган жок. Анткени сапатсыз курулган жол жыл айланбай эле четинен ташы омкорулуп бузула баштаган. 

Совет убагында курулган жолдор ондогон жылдар бою сынынан кетчү эмес эле, азыркылардын сапаты кантет? Атайын текшерүү иштерин жүргүзүп, ишти кабыл алган комиссиялык топ деген жокпу? 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.