Элдик репортер: Токмок шаарындагы таштанды көйгөйү
Новость KTRK/videograp

Токмок шаарынын 1-кичирайонундагы кабат үйлөрдүн алдындагы таштанды урналары толуп, убагында тазаланбай жатат. Негизинен эле шаардын тазалыгына жакшы көңүл бурулбай жатат. Бул кичи район  №9 мектептин жанында болгондуктан, күнүгө окуучулар ушул таштандыны айланып ары-бери өтүшөт. Айласы түгөнгөн тургундар ар жерге чачылып жаткандарды чогултуп, жеринде өрттөп жатышат. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.