Элдик репортер: Арча-Бешикте көчөнү өз каражаттарына оңдоп жатышат
Новость KTRK/videograp

Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунун Шербет көчөсүнүн тургундары өз каражаттарына жолун оңдоп жатышат. Газ тартылгандан кийин, казылган көчөдөн басууга мүмкүн болбой калган. 

Жергиликтүү бийликтен жардам күтө берип, үмүтү үзүлгөн тургундар өз каражаттарына кум, таш төгүп, кары-жашына, аял-эркегине карабай иштеп жатышат. Биз буга чейин дагы бир нече жолу жолду тегиздеп, түздөткөнбүз. Айыл өкмөтү куру убада бергенди гана билет. Эч аракет көрүп, иштегенин көргөн жокпуз. Арча-Бешиктин бир нече көчөсү газдан кийин ушундай абалда турат. Ушундайда чуркап, көмөк көрсөтпөсө анын эмне кереги бар?


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.