Баткен облусунун Миң-Булак айылындагы канал 4-5 жылдан бери тазаланбай жатат. Бул каналдын суусун айыл жашоочулары ичүүчү суу катары колдонушат. Андан ары агып барып, Төрт-Күл суу сактагычына куят.
Жылына оңдоо иштерине тонналаган цемент бөлүнгөнүнө карабай, оңдоо тазалоо иштери жүрбөй келет. Азыр суу токтоп турган учурунан пайдаланып, ичин тазалап коюшса жакшы болмок. Бирок буга эч ким башын ооруткусу келбегендей.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.