Бишкекте балдарды бакчага жайгаштыруу боюнча долбоордон тышкары, "Коопсуз кичи район" проектиси да ишке аша баштады. Ордо калаадагы 6-кичи районундагы көчөлөргө 72 камера орнотулду.
Жабдуулар кылмыш көп катталган жагдайларды, адамдар чогулган жерлерди эске алуу менен бөлүштүрүлдү. Долбоор кылмыштарга бөгөт коюу максатын көздөйт. Тартылып калган тасмалар 30 күн бою сакталат.