Бүгүн, өкмөт мүчөлөрү Кызыл-Омпол айылынын тургундары менен жолугат
Новость KTRK/videograp

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов башында турган өкмөт мүчөлөрү, Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол айылынын тургундары менен жолугуу үчүн  жөнөп кетти. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып айтты. POST1RIGHT

Делегациянын курамында биринчи вце-премьер-министрден сырткары, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жетекчиси, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчиси бар. 

Алар Тоң районунун эли менен жолугуп, уран кениндеги жагдай менен таанышат - деди өкмөт башчы. Өкмөт башчынын маалыматына караганда, уран кенинде иштеп жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын техникалары 24-апрелден тарта кендин аймагынан чыгарыла баштаган. Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Ал 20-апрелде абал менен жеринен таанышкан.