Элдик репортер: Сапатсыз жол курулушу көмүскөдө калып жатат
Новость KTRK/videograp

Биздин рубрикага сапатсыз курулган жолдордун абалы тууралуу маалыматтар байма бай келүүдө. Эгер ушул статистикага таянсак, анда акыркы жылдарды курулган, оңдоодон өткөн жолдордун 90%ы эптеп акча кылуунун максатында гана курулган.

Бул жолу Мурас-Ордо конушунун былтыр бүткөрүлгөн жолунун тротуарын видеого тартып жөнөтүшкөн. Анда көрүнгөн жерден жыбырап, асфальтты тешип чыккан чөптөрдү байкоого болот. Албетте мындай көрүнүш конуш тургундарынын нааразычылыгын жаратууда.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.