Элдик репортер: Каныш-Кыя айылындагы көпүрө 3 жылдан бери авариялык абалда турат
Новость KTRK/videograp

Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылындагы негизги көпүрө 2017-жылдын жазында авариялык абалга кептелген. Бирок андан бери 2 жылдан ашык убакыт өтсө дагы, жергиликтүү бийлик тарабынан же тийиштүү органдар тарабынан эч кандай  аракеттер көрулгөн жок. Көпүрөдөн күнүгө мал айдап өтөбүз. Көрүнгөн жери оюлуп, жыгачтары чирип, тирөөчтөрү ийилип араң эле турат.

Мындай маалыматы менен аталган айылдын тургуну бөлүшкөн.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.