Жалал-Абадда Сауд Аравиялык кардиологдор бейтаптардын жүрөгүнө акысыз стент орнотушту
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Жалал-Абад шаарындагы Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борборуна Сауд Аравиядан кардиологдор тобу келип, аз камсыз болгон бейтаптардын жүрөгүнө акысыз стенд орнотушту. Жалпысынан 34 адамга, 2 миллион 700 миң сомдук жардам берилди. 

Аталган борбордун директору Калдарбек Абдрамановдун айтымында чет өлкөдөн келген кардиологдорго операция жасоодо жергиликтүү адистер да көмөктөшкөн. Операциялар Сауд Аравиялык кесиптештери менен бир топ жылдардан бери уланып келе жаткан кызматташуунун алкагында ишке ашкан. Статистикалык маалыматка таянсак, Кыргызстан боюнча жылына 6 миң адам жүрөк-кан тамыр оорусу боюнча жардам алууга муктаж болушат. Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактагы илимий борбору жыл башынан бери 100дөй адамга стенд койгон.