POST1RIGHT
Кен казган компанияларга берилген лицензияларга инвентаризация иштери аягына чыгып калды. Бул тууралуу 25-апрелде парламент жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Өкмөт башчы анын жыйынтыгы менен тоо-кен тармагындагы саясат өзгөрө турганын айтты.
Анын айтуусунда, учурда инвентаризация, анализ жүрүп жатканына байланыштуу лицензия берилбей жатканы үчүн көп арыз-даттануулар болуп жатат. Азыр бир жаңы саясат, жаңы стратегияны кабыл алабыз. Бул натыйжалуу болот деп ойлойбуз", - деди Абылгазиев.
Быйыл жыл башында өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин тоо-кен өнөр жайына, андагы абалга арналган жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков бул тармак “коррупцияга белчесинен батып, мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып кеткенин” билдирген. Президент лицензиялар ой келди берилип, шылуундардын ири бизнесине айланганы айтып, укук коргоо органдарын сындаган.