Бишкектеги №6 кичи райондо "Коопсуз кичи район" долбоору ишке кирди.
POST1RIGHT
Башкы этабында аталган аймактагы коомдук жана административдик объектилердин жанына, кичи райондун ичиндеги көчөлөрдүн кесилишине 72 видеокамера орнотулду.
Долбоордун көзөмөл пункту борборлоштурулуп, сервер милициянын №3 бөлүмүндө жана Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында орнотулду. Милиция кызматкерлери эми ал камералар аркылуу күнү-түнү байкоо жүргүзүп турат.
Эскерте кетсек, долбоорго жергиликтүү бюджеттен бир жарым миллион сом бөлүнгөн.