POST1RIGHT
Бир апта мурда биздин чыгармачыл топ бул жерге келген кезде, абал таптакыр башкача болчу. Ар кайсы жерде тынбай техникалар иштеп, жумушчулар да бар болчу. Азыр болсо, бул аймака көз салып турушкан күзөтчүлөр гана көрүнбөсө башка кыбыр эткен жан жок. Жумушчулар жайгашкан бул жайдын баардык тарабындагы эшиктери бек турат, аларда атайын мөөр басылган кагаз чапталуу.
Ошентип Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кениндеги иш толук кандуу токтоду. Апта аралыгында өкмөт дагы, аны чалгындап жаткан компания дагы дал ушундай чечимге келишкен. Ал арада мурдатан иштеп жаткан техникалардын баардыгы алынып кетти. Эптеп эле бюджетти толтуруу эмес, эң негизги маселе - экологиялык коопсуздук деген тыянака келген өкмөт кенди казууга уруксат берген жок. Өкмөт башчы депутаттардын суроосуна жооп берип жатып,жарандарындын саламаттыгы жана экология менен жаратылыш биринчи орунда тураарын баса белгиледи.
Мындай жагдайды өз көзү менен көрүү үчүн, уран кени жайгашкан аймака биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт өкүлдөрү келишти. Жергиликтүү тургундар менен жолугушуп жатып, Кубатбек Боронов «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынгандыгын кабарлады.
Дал ушундай конкреттүү чаралардын көрүлгөнүнө карабай, Бишкекте уран кенин иштетүүгө каршы митинг өттү. Анын катышуучулары Кыргызстанда бардык уран кендерин иштетүүгө тыюу салып, зыяндуу калдык сактоочу жайларды рекультивациялоону талап кылышты.
Ошол эле учурда Жогорку Кеңеште уран кендерин иштетүүгө мораторий киргизүү демилгеси көтөрүлдү. Митингчилер менен жолуккан эл өкүлдөрү зыяндуу кендерди жаап гана чектелбей, аны иштетүүгө лицензия берген адамдардын жоопкерчилигин кароону да зарыл деп эсептешет.