Жалал-Абад шаарындагы курорттун ичинде дарылык касиети бар булак чыккан жердин айланасы таштандыга толуп, каралбай жатат. Булактын касиеттүүлүгүн алыстан угуп, келгендердин агымы үзүлбөйт.
Бирок айла жок ушундай шарты жок, айланасы талкаланган жерге келип ичип кетишет. Курорт жетекчилиги ушул нерсени эске алып, булак чыккан жердин айланасын оңдоп-түзөтүп койсо жакшы болот эле деген пикирин калтырат окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.