Элдик репортер: Үч-Терек айылында ылайланган сууну тундуруп ичишет...
Новость KTRK/videograp

Таза суу маселеси чечилбей келген айылдардын бири Токтогул районундагы Үч-Терек айылы. Айыл жашоочулары аргасыздан ылайланган сууну тундуруп ичишет. Анын айынан жаш балдар арасында ич оорусу менен ооругандар көп катталат. 

Биздин көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйлөрдүн бири ушул таза суу. Бирде ылайланып, бирде токтоп элди убарага салган суунун азабын аябай эле тарттык. Жергиликтүү бийлик да жакшы көңүл бурбай жатат.  


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.