Ноокат районунун Тескей-Кожоке айылындагы сайдын жээги казылып, шагылдарын сатып атышат. Бул сайдын суусу 3 айылды суу менен камсыздайт. Учурда сайдын жээги ойду-келди казыла берип, мурунку деңгээлинен 5 метрдей ылдый түшүп кеткен.
Жергиликтүү бийликте отурган айрым чиновниктердин айынан бул жерлер сатылып кетиптир. Эми калган айылдар суусуз калганы отурушат. Бул мыйзамсыз нерсеге тыюу салып, текшерүү ишин жүргүзүүнү суранабыз деп кайрылат айыл тургундары.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.