Элдик репортер: Майлуу-Суу шаарындагы кинотеатр иштебей турат
Новость KTRK/videograp

Майлуу-Суу шаарындагы кинотеатр иштебей калганына бир нече жылдын жүзү болгон. Бизге маалымат жөнөткөн окурмандын айтуусунда, имараттын ичи-тышы каралбай тамтыгы чыгып турат. 

Элдин руханий байлыгын өстүрүүнүн ордуна, ушундай керектүү жайларды иштен чыгарып койдук. Эмне үчүн шаар бийлиги иш алып барбай жатат. Аймактарды өнүктүрүү жылында өнүкпөй эле, таш-талканын чыгарып жаткандайбыз. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.