Аймактык коопсуздукту камсыздоо - ЖККУнун башкы милдети
Новость president.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынына катышуучуларды кабыл алды. Мамлекет башчысы коргоо министрлери менен учурашып, аларды Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады. 

Советтер союзунун учурунда биз биргелешип, бири-бирибизге жардамдашып, аскерий коопсуздукту камсыз кылчубуз. Согуш мезгилинде биздин аталарыбыз жана чоң аталарыбыз ийиндеш Мекенибиздин сакчылыгында турушкан. Азыр да биздин территорияларыбызды кандай гана болбосун тышкы агрессиядан жана терроризмден коргоо ЖККУнун башкы милдети болуп саналат", - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. 

Ал Кыргызстан төрагалык кылуунун алкагында өз артыкчылыктарын ырааттуулук менен илгерилетип жатканын, коргоо министрлеринин жыйыны Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун уставдык органдарынын жолугушууларын ачканын белгилеп, ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалады. Мамлекет башчысы дүйнөдө болуп жаткан глобалдык өзгөрүүлөр, Уюмдун жооптуу тилкесиндеги өсүп жаткан коркунучтар жогорку деңгээлде биргелешип аракеттенүүнү талап кылаарына көңүл бурду. Уюмдун инструменттерин жана механизмдерин өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер өтө маанилүү. 

"Биздин өлкөлөр алдында мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маанилүү милдеттер турат. Кыргызстан регионалдык интеграцияны, анын ичинде ШКУнун, КМШнын жана ЖККУнун алкактарындагы интеграцияны мындан ары карай тереңдетүүгө биринчи даражадагы маани берет. Жамааттык коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн Кыргызстан Уюмду өркүндөтүү боюнча ишти улантат. Биздин төрагалыктын билдирилген приоритеттери мурдагы жолду улантуучулукту сактоого багытталган", - деди Сооронбай Жээнбеков. 

ЖККУнун коргоо министрлеринин атынан сүйлөгөн Беларустун коргоо министри Андрей Равков Президентке ийгиликтерди каалады. Сөзүнүн аягында Президент Сооронбай Жээнбеков быйылкы жылга пландалган иш-чаралардын ийгиликтүү өтөөрүнө ишеним билдирди жана бардыгына жемиштүү иштөөнү, Уюмду өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө ийгиликтерди каалады.