Элдик репортер: Манас айлындагы башталгыч мектептин абалы
Новость KTRK/videograp

Сокулук районунун Манас айылындагы Ат-Башы атындагы башталгыч мектептин ичи-тышы  каралбай калганына   көп жылдын жүзү болду. Мисалга мектептин айланасындагы эле тосмону алалы. Ар жеринен зымдары үзүлүп, ачылып-аңырайып калган. Мындай көрүнүштө турганына 10 жылга чамалап калса дагы мектеп жетекчилиги тарабынан эч кандай аракеттерди байкаган жокпуз. Балдардын окуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүн ордуна, ушундай нерсеге жол берип коюшкан.

Мындай кайрылуусун аталган айылдын тургуну жөнөткөн. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.