Жалал-Абад шаарындагы сейил бакта курулган жаңы фонтандын кафелдери сыйрылып түшүп жатат. Мындай көрүнүшкө күбө болгон окурман бизге видео тартып жөнөткөн.
Азыр эмне курулбасын эч сапатына көңүл бурулбай калды. Мына көпчүлүктү кубандырып тургузулган фонтандын ичи 2 жылга жетпей, көрүнгөн жеринен сыйрылып түшүп калыптыр. Акча арттырып калуунун амалында, арзан нерсеге басым жасалгандыктын жыйынтыгы. Анысы аз келгенсип, сейил бактын ички тазалыгына да көңүл бурулбай жатат.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.