Элдик репортер: Үңкүр-Кечүү айылындагы ашар жолу менен курулган көпүрө араң турат
Новость KTRK/videograp

Аксы районундагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Үңкүр-Кечүү айылындагы көпүрөнү ашар жолу менен ошол жердин тургундары өзүлөрү тургузуп алышкан. Бирок жаз айындагы катуу кирген суунун айынан көпүрө авариялык абалга туш болгон. 

Ушул көпүрө аркылуу окуучулар мектепке катташат. Көпүрө сынып калгандан бери айланып, бир нече чакырымга чейин жөө барып,  окуп жатышат. Жолу да аябай жаман. Биздин бул абалыбызды бийлик өкүлдөрү эске алып коюшса жакшы болот эле.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.