Элдик репортер: Таш-Көмүр шаарында тазалыкка көңүл бурулбай калды
Новость KTRK/videograp

Таш-Көмүр шаарындагы кабат үйлөрдүн айында жайы-кышы үйүлгөн таштандылар чыгарылбай, үйүлүп жатат. Шаар жетекчилиги тарабынан тазалык иштерине эч кандай көңүл бурулбай калды. Мындай билдирүүсүн шаар тургуну жөнөткөн. 

Эмне үчүн акыркы убактарда ар кандай оорулардын саны көбөйүүдө. Ушул таштандынын жанынан жашоочулар ары-бери каттап тиричилигин улантышат. Айланасында балдар ойноп жүрүшөт. Албетте үйүлүп, сасыган таштанды дагы себепчи болууда. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.