2-3-май күндөрү жаай турган нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, бул күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.
Мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар, тоо этектеринде катуу жаан жаашы ыктымал. 2-майда Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал жана жолдор тайгак болот.