Шашылыш билдирүү: 5-6-майда түнкүсүн үшүк жүрөт
Новость www

5-6-майда түнкүсүн Талас, Чүй облусунун тоо этектериндеги райондордо, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. 

Синоптиктердин маалыматына ылайык, абанын температурасы 1-3 градуска чейин төмөндөйт. 5-майда Кыргызстандын айрым аймактарында жаан жаайт, тоолуу райондордо карга айланат. 

Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. 

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 

Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.