Уран маселеси боюнча президент Сооронбай Жээнбеков өз пикирин билдирип, Кыргызстанда уран казылбай турганын так кесе айтты.
Өлкө башчысы 4-майда Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алып, жолугушуунун жүрүшүндө “Биз кийинки муунга ынтымагы бекем коомду, укуктук мамлекетти калтыруубуз зарыл. Урпактарга ата-бабадан калган таза табиятты, жашыл жаратылышты жеткирүүгө милдеттүүбүз”, - деди Президент.