"Коопсуз шаар": Бишкекте дагы жаңы камералар иштей баштайт
Новость KTRK/videograp

Бишкектеги дагы тогуз кесилиште "Коопсуз шаар" долбоорунун камералары иштей баштайт. Бул тууралуу Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Жаңы программалык комплекстер 7-майдан тарта төмөнкү кесилиштерде иштейт. Алар:

Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектиси;

Чүй жана Манас проспектилери;

Чүй проспектиси менен Павлов көчөсү;

Жибек Жолу менен Манас проспектилери;

Махатма Ганди менен Боталиев көчөлөрү;

Жибек Жолу проспектиси менен Курманжан датка көчөсү;

Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрү;

Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсү;

Байтик баатыр жана Максим Горький көчөлөрү.