Террордук кооптуулуктун даражаларын аныкталды
Новость KTRK/videograp

Өлкөнүн улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети террордук кооптуулуктун даражаларын аныктады. Алар көк, сары жана кызыл түстөр менен белгиленип, ар бир даражага жараша террордук кооптуулукту алдын алуу боюнча чаралар камтылат. Атайын кызматтар бул тартип терракт коркунучтарын өз убагында калкка кабарлап туруу, ага каршы күрөшкөн мамлекеттик органдар ортосунда бир түшүнүктү киргизүү максатында иштелип чыкканын билдиришүүдө. POST1RIGHT

Мындай зарылчылык ушул кезге чейин актуалдуу болуп келген. Өлкөнүн атайын кызматтары иштеп чыккан жаңы эреже эми мамлекеттин кайсы бир аймагында террордук кооптуулук жаралса жөнөкөй жарандардан тартып, мамлекеттик мекемелер, жарандык коом жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө чейин кандай аракеттерди көрүшү керектигин аныктайт.

Террордук кооптуулуктун деңгээлдери көк, сары жана кызыл түстөр менен белгиленип, ар бир деңгээлдин даражасына жараша алдын алуу чаралары камтылат.

Террордук кооптуулуктун деңгээлдери: 

  • Жогорулатылган деңгээл (“көк түс”) - террордук актыларды жасоо тууралуу маалымат түшүп, аны текшерүү зарылчылыгы келип чыкса коюлат. 
  • Жогорку деңгээл (“сары түс”) - террордук актыларды жасоо боюнча реалдуу маалыматтар бышыкталса коюлат. 
  • Өтө кооптуу деңгээл ("кызыл түс”) - террордук акттан жабыркагандарды куткаруу, анын терс кесепеттерин чектөө үчүн кооптуу аймакта аткарылчу иштерди белгилөө үчүн коюлат.))

Террордук коркунучтун деңгээлдерин шарттуу белгилер менен аныктоо эң алгач Израилде 70-жылдары киргизилген. Ал эми 2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорктогу террактан кийин бул эрежелерди Европа менен Азиянын айрым мамлекеттери ишке киргизген. Коргонуу жана коопсуздук боюнча мурдагы вице-премьер Токон Мамытов, терроризмге каршы күрөштүн мындай ыкмасы Кыргызстанда өз убагында кабыл алынып жатат деп эсептейт. 

Адистер акыркы мезгилде Борбор Азияга терроризм коркунучу күчөп турганда, мамлекетте коопсуздукка кам көрүүгө ар бир жаран жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек деп эскертишет.