Негизинен таштанды маселеси учурда коомдогу эң олуттуу көйгөйгө айланууда. Бул ирээт таштандыдан арылуу максатында, коомдук биринчи каналга Ысык-Көл облусундагы Бостери айылынын тургундары жардам сурап кайрылышкан. Карапайым жарандар аймактагы таштанды төгүүчү жай жабылыш керек деп суранууда. POST1RIGHT
Бостери айылына жанаша жайгашкан бул жер тилкелери 1980-жылдары берилип, атайын дача үчүн жана жеке менчик фермердик чарбалар үчүн деп бөлүнгөн. Кийинчерээк жергиликтүү бийлик дал ушул жерден райондук маанидеги таштанды төгүүчү жай ачууну пландап, башында 4 гектар делген таштанды жайы, жыл өткөн сайын жайылып баратат.
Көгүлтүр көл жээгиндеги Бостери айылында эле 12 миңден ашык калк жашайт. Мындан башка 40тан ашык эс алуу жайы бар. Таштанды төгүүчү жай айылдын тоо тарабындагы коктуда жайгашкандыктан, жаан жааганда таштандыдан сыгылган кир суу, дачаны каптап агат. POST2LEFT
Кезегинде экология жана техникалык коопсуздук инспекциясы келип текшерип, таштанды төгүүчү жай экологиялык талаптарга жооп бербейт деген тыянак чыгарган. Бирок жергиликтүү айыл өкмөтү, учурда тиешелүү документтердин баардыгы даяр болгондугун айтууда.
Айыл өкмөтүнун айтымында учурда таштанды төгүлгөн жер атайын эрежеге ылайык, эл жашоочу аймактан 1 чакырым алыс жайгашып турат. Эми анын айланасын тосуп гана элдин талабын аткарбаса, башка жерге көчүрүүгө мүмкүнчүлүк жок.
Ал ортодо жергиликтүү жашоочулар чымын-чиркей, жагымсыз жыт жана өрттүн түтүнүнөн зыян тартып жатканын айтып, маселени чечүү үчүн баардык тараптарга кайрылабыз деп нааразы болууда.