ШКУ : 11-жолугушуу өтүп жатат
Новость KTRK/videograp

Бүгүн Ташкентте Шанхай Кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин Коргоо кеңешинин катчыларынын 11-жолугушуусу өтүп жатат. Анын алкагында өзбек тараптын демилгеси менен Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров Өзбекстандын Коргоо кеңешинин катчысы Виктор Махмудов менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын коңшулук мамилесин мындан ары дагы бекемдөө максатында компетенттүү органдар тыгыз байланышта иш алып барып, талаш жараткан бардык маселелерди цивилизациялуу жол менен чечүүнүн механизмдерин издеши керектиги айтылды.