Бүгүн, 11-майда Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өлкөнүн Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 05:00дө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун Жийде, Бак-Абад, Жар-Кыштак айылдарында 4 балл, Дардак айылында 3,5 балл, Кара-Суу, Таш-Булак айылдарында 3 балл, Ош облусунун Өзгөн шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.