Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдиргендей, аталган жолдун 139-чакырымында 13-17-май күндөрү таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Ал унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат.
Андыктан Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы 13-17-май күндөрү эртең мененки саат тогуздан 15:00гө чейин унаа жолун маал-маалы менен жаап турат. Жолдо 30-40 унаа чогулуп калган учурда таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.
Эске салсак, бул иштер күндүзү гана жүргүзүлөт.