Элдик репортер: Чоң-Сай айылынын курулушу бүтпөй, орто жолдо калган ооруканасы
Новость KTRK/videograp

Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Сай айылындагы  (ФАП) оорукананын курулушу 2017-жылы башталган. Элет элин кубандырып, 1 жыл ичинде бүткөрүлөт деген оорукана учурда чатыры жабылган бойдон калган. Айылда башка бейтапкана жок. Ооругандар башка жактарга барып көрүнүп турушат. Айрымдары шарты жок, үйдөн өз алдынча дарыланууга аргасыз. Ушундай шартта жашап жаткан тургундардын абалын ойлобогон,  жергиликтүү бийликтегилерге  нааразы болгондор көп.  


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.