Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүндөгү суу тартылган лотоктун бетондору сынып, айыл тургундарына 2 айдан бери суу келбей калган. Бул канал аркылуу тартылган сууну айылдыктар таза суу катары жана сугат үчүн дагы колдонуп келишкен.
Бул маселе боюнча барбаган жерибиз калган жок. Бирок эл көйгөйүн угуп, чечип берүүгө аракет кылган адам жок. Эмне үчүн ушул нерсени күзүндө кылышкан эмес. Эми сугат маалында көрүнгөн жеринен талкалап, оңдогону жатышат. Эккендерибиздин баары четинен куурап жатат. Эми айлабыз эмне болот.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18