Элдик репортер: Ак-Ордодогу аялдамаларда темир торчолор уурдалууда
Новость KTRK/videograp

Бишкек шаарындагы Ак-Өргө менен Ак-Ордо конуштарынын ортосун бөлгөн, жаңы бүткөн жолдогу аялдамалардагы арыктардын темир тосмолорун уурдап кетишкен.  Мындай маалыматы менен бөлүшкөн окурман төмөндөгүдөй пикир калтырган:

Ушул уурулардын айынан темир тосмолор экинчи жолу ширетилип, кайра орнотулган. Бирок аларга айла жок экен. Лом менен омкоруп, жулуп кетишкен. Эми тургундар үчүн чоң кооптуулук жаралууда.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18