Арча-Бешик жаңы конушунун тургуну "Элдик репортер" рубрикасына суу көйгөйү боюнча билдирүү жиберген.
Арча-Бешик конушунда жай башталганда тамчы суу акпайт. 10 жылдан бери ушундай көрүнүш. "Сууканалга", Арча-Бешик айыл өкмөтүнө кайрылып келебиз эч ким жооп бербейт. Бул конушта бассейн, мончолорду иштетишет, буларды бир дагы мамлекеттик мекеме көзөмөлгө албайт. Айла кетти, борбор калаада сууга жетпей жашагандарда бар. Ичкенге суу жок.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18