Ар бир аймакта катталган базарлардагы башаламандык Өзгөн шаарында да бар. Базар Бишкек-Ош жолунун жанында жайгашкандыктан, жолдун эки тарабындагы тротуарлар сатуучулардын жайына айланган. Ары-бери каттаганга такыр мүмкүн эмес. Унаа токтото турган жайлары дагы жок. Бул жерде качан болбосун унаалардын каз катар тизилген тыгыны турат. Мындай ызы-чууну тартипке келтирүүгө шаардык бийлик өкүлдөрүнүн алы жетпей жатат.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18