Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башчылыгына Беларуссиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Станислав Засьтын талапкерлигин Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Россия колдоду.
Бул тууралуу ЖККУнун башкы катчысы Валерий Семериковдун билдирүүсүнө таянуу менен чет элдик маалымат каражаттары жазды. ЖККУнун башкы катчысынын дайындоо маселеси 22-майда өтө турган ЖККУнун тышкы иштер министрлер Кеңешинин жыйынында чечилет. Бүгүн болсо уюмдун туруктуу Кеңешинин кезексиз отуруму болот.