Тынчтык бербеген футбол аянтчасы
Новость

ТЫНЧТЫК БЕРБЕГЕН ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ

Окурманыбыз, футбол аянтчалары тууралуу билдирүү жиберген. Бул окурманыбыз жашаган Калык Акиев көчөсүндө, Улуттук илимдер академиясынын артында футбол аянтчасы жайгашкан, бул аянтчада күнү-түнү, дем алыштарга карабай оюндар болуп турат. Ойногон бир топ эркектин өкүрүгү түнкү тынчтыкты жарып жыгат. Таңкы саат 7ден түнкү саат 3кө чейин болгон оюн, тынчтык бербей тургундарга ыңгайсыздык жаратууда. 

Автордун айтымында, кышында жабык терезеден да угуп унчукпадык. Эми күн ысыганда, терезе ачып уктоого болбой калды. Дем алыш жок. Угулбагандай кылып, сырттын тосуп алып, 24 саат ойной беришсин. Бир топ адамдын кумары үчүн, канчалаган үй бүлө жабыркап жатат. Булардын күнү-түнү оюнду өткөргөнгө укуктары барбы? Анда карапайым адамдар эс алууга мүмкүнчүлүгү жокпу? Өзгөчө балдар эс албай калат. Дем алышта да. Түнкүсүн да. Кантип сабакка даярданышат? Кары картаңдардын уйкусу сергек. Кош бойлуу, жаш балалуу аялдарга да уйку, тынчтык керек. Мындай жалгыз бизде эле эмес, башка райондордо жайгашкан футбол аянтчаларында да ушундай көйгөй болсо керек,  -деп билдирүү калтырган.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.